Kategoriler

Arşivler

Лилия Кудайбрдиева /Liliya Kudaibrdieva Kategoriler

САЙМАЛУУ КӨШӨГӨ / NAKIŞLI EKRAN Айыл жашоосу өзгөчө. Шаардагы ызы- чуу жок, мемиреген тынчтыкта жай турмуш өтүп жатат. Айыл ичин жашыл бак- дарактар кооздоп, көзгө ажайып сонун көрүнөт. Үйлөрдүн аралыктары да жакын эмес. Ар бир үйдүн аралыгы кашаалар менен тосулганы эле болбосо, дээрлик бардык  үйлөрдүн короолору даана көрүнүп турат. Жолдон өтүп бараткан ким болбосун, эшик алдында […]

 САЙМАЛУУ КӨШӨГӨ / NAKIŞLI EKRAN   Бир үзүм булут көрүнбөй, асман ачык. Күн нуру алыскы тоолордон жылуу нурун чачып, энедей мээримин төгө баш бакты. Ачык асман, мээримдүү,  жылуу күн- бири- бирине айкалышат. Ушундай сонун, жагымдуу убакыт- адам көңүлүн бийик тоолорго жеткендей даражада көтөрөт. Ырдап, бийлегиңди келтирет.    Алымбек менен Нускайымдын бүгүнкү таңы, дал ушундай жагымдуу, […]

САЙМАЛУУ КӨШӨГӨ / NAKIŞLI EKRAN 6 Айшанын унчукпаган абалынан, Алымбек “унчукпай калды. Азыр турат” деген ойго келди. Артынан кучактап, бетинен өөп, колунан кармап отургучтан тургузууга шашты. – Жүрчү… Сенсиз кантип уктап жатам. – Тийбечи, мага! Тийбечи! Жайыма койчу!    Айша өктөм үнү менен катуу сүйлөдү. Бул Алымбек үчүн күтүүсүз болду. Маңдайына таш менен чапкандай эле […]

САЙМАЛУУ КӨШӨГӨ / NAKIŞLI EKRAN 5 Алымбектин үйлөнгөнүнө бир ай болду. Бактылуу күндөрдү кечирип жатат. “Чын эле бактымды таптымбы?”- деп, учурда жашап жаткан бактылуу үй- бүлөлүк турмушуна ишене албай кетет. “Сүйүү бар экен го. Мени да аял сүйөт экен, ээ. А мен баарынан үмүтүмдү үзүп койгон элем… Жаралып калганыма кейиген учурларым болгон… Мен Айшаны кандай сүйсөм, […]

САЙМАЛУУ КӨШӨГӨ / NAKIŞLI EKRAN 4 Кезектеги эки ай мөөнөтү да аяктады. Бул эки айды кантип өткөргөнүн Алымбек менен Жараткан өзү  билээр… Ойлор ичинен жеп,  санаага салдырган күн- түндөрдү өткөрдү. Кечээги келбеттүү, толуп турган кара тору  жигит, бүгүн азыраак шапайып, катуу чарчагандай кебете менен Ошко келди.    Досу Абылга жолугуп кетүүнү чечти. Ага  Айша менен  […]

САЙМАЛУУ КӨШӨГӨ / NAKIŞLI EKRAN 3 Унаанын эшигин ачып, Айшаны тарткылап калды. Эмне болоорун күтүп турган Алымбекке “бол!” дегенсип көзүн ымдады. Алымбек алып качаарына эми ишенди го, карбаластап кетти. Ошентсе да өзүн жоготподу. Жүрөгү катуу согуп, алкымына келе түшсө да, Айшанын ичкери киргизе түртүп, артынан өзү отурду: – Кеттик! Эшиктер “карс-карс” жабылып, унаа ордунан жылды. […]

   САЙМАЛУУ КӨШӨГӨ / NAKIŞLI EKRAN 2 Алымбектин сунушу менен, кыздардын бөлмөсүндө “вечеринка” уюштурулду. Алымбектин максаты- тармал чачтуу аппак кыз менен, жакындан таанышуу. Чуркап барып, керектүүлөрдү сатып келе коюшту. Кыздардан тартынбай, сүйлөп отурайын деп, Алымбек ичимдик да сатып алды.    Кече жакшы маанайда уланды. Ойлогонундай эле, “ак суудан” баса- баса ичип алган Алымбек, тартынбай сүйлөп, […]

САЙМАЛУУ КӨШӨГӨ / NAKIŞLI EKRAN “Телевышкада” иштеген эки айлык мөөнөтү бүткөн Алымбек, үйүнө сапар алды. Куда кааласа, эми үйүндө эки ай дем алат. Жумуш ордунан шаарга келгиче, иңир түштү. Адатынча, дайыма айылга кетүүгө кечигип калганда барчу,  студент досунун батирине түнөп кетүү үчүн токтоду. Сагынышып калган достор, сөздөрү түгөнбөй көңүлдүү сүйлөшүп отурушту. Үйлөнө элек бойдок жигиттердин […]