Kategoriler

Arşivler

Майрамбубу Абдыканова/Mairambubu Abdykanova Kategoriler

Tarih 10 Haz 2021 Kategori: Майрамбубу Абдыканова/Mairambubu Abdykanova

Сиз

Сиз Жүрөгүмдүн бийлигине баш ийип. Сапырылган ой санаада түйшөлдүм. Канча ирет сүйөрүмдү айта албай, Мен да сизден токтоолукту үйрөндүм. Жан дүйнөмдүн жаңырыгы басылбай, Жашоодо мен жарты айдай өңдөнөм. Болду – дегем, өз эркимди чектейин, Мен да сизден күттүрүүнү үйрөнөм. Көңүлүмдүн көнөктөлөт көз жашы, Көмүскөдө айтылбаган сөздү деп. Көпкө чейин күтө берүү үчүн да Көктүк керек, […]

НЕЬЕРЕМЕ Акактай туптунук булагым, Уучумду улачу билегим. Урпагым теңебейм эч кимге, Алтынга алмашкыс тирегим. Элжиреп көргөндө жүрөгүм, Каралдым эзилип жүрөмүн. Көздөрүӊ балбылдап турганда, Теңдеши жок беле дүйнөнүн. Өзүңдү көргөндө буулугам, Мээримге балкыймын жуурулам. Суктанткан элиңди жериңди, Сүймөнчүк инсан бол суурулган. Берээрге белегим таппаймын, Барчындай күн сайын таптаймын. Балдырап таттуу кеп сүйлөсөң, Байлыгым териме батпаймын. Алымдуу, […]

ЫСЫК-КӨЛ Теңдешсиз Ысык-Көлүм ак берметим, Теңирим белек сунган кереметим. Телегей тегиз берген мээримиңди, Тегим да кастарлаган нур жердесиң. Көптөн бери көл толкунун көрө элекмин, Көөдөндөгү көп сырымды төгө элекмин. Көлкүтүп жан дүйнөмдүн толкунундай, Ыр майдан мухидине чөгө элекмин. Тажасам тардыгынан тегеректин, Чаалыксам жанга жагым дем бермексиң. Таң эрте жээгин бойлоп ыр жаратып, “Алтын кум” сенден […]

ФРУНЗЕ КЕЧИ Бак аралап басып жүрдүк улуу-кичүү, Бак даарыган Дзержинка бульвар делчү. Баш кошушкан жубайлардын күбөсү, Эстен чыкпайт Фрунземдин жайкы кечи. Тоодой бийик тогуз кабат лифтке шашып, Тоолорумдун аяз кары нурун чачып. Топурашып жүрө берип уйку качып, Туйбай калдык жаштыгымдын таңы атып. Жуурулушуп ынтымакта шаардын кечи, Жетек берип окутуучу билим берчү. Ырым кылып калемдерин белек […]

ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВГО Санжыралуу кыргызымдын сабагысыз, Сабыр туткан калкыбыздын талабысыз. Көөнөрбөс таланттарга кубат берген, Көп зарланткан элимдин кумарысыз. Туу чокулуу изденүүнүн ишмерисиз, Чыгармачыл майдандын тирегисиз. Маданият борборун пирин колдоор, Бийиктеги билимдүүнүн билегисиз. Дүйнө жүзүн суктантып сугарыпсыз, Ала-тоонун туптунук булагысыз, Манас тилде улутту алга сүрөөр, Дүйнөгө кыргыз наркын чыгарыпсыз. Бийиксиз адамдыктын мунарысыз, Билимдин көзүн ачкан чырагысыз. Жыйырманчы […]

ЖӨЖӨМ АЙ Кичинекей жөжөм ай, Жем жеп жүрчү корунбай. Уйкуң канбай калганбы, Упчу берем тур эми ай. Жомок айтып беремин, Угуп турчу жөжөм ай. Укпай калсаң жөндөп ай, Кызык болбос жомок ай. Кирпигиңе кир жукса, Алып коём жөжөм ай. Үлпүлдөгөн кийимиң, Үшүтпөйт го жөжөм ай. Кичинекей жөжөм ай, Киринтейин, турчу эми ай. Татынакай болосуң, Таза […]

АЛА-ТОО АЖАРЫ Тоо башылап Тогуз-Булак акса керек, Андыктан аталып ал калса керек. Чыгынган эл чыпчыргасын коротпой, Чын дилинен курорт кылып салса керек. Тогуз-Булак суусу тынбай шаркырап, Уккан жанды бир өзүнчө шат кылат. Укмуштуудай музыкадай угулуп, Көшүлдүм мен, таң аткыча жаркырап. Чакыргансыйт Ала-Тоомдун ажары, Сагынгансыйм ууз тунук абасын. Чаалыкканым сездирбеди башатың, Деген өңдүү менден кубат аласыӊ. […]

Өмүр таржымалы Майрамбүбү Абдыканова 13.02.1959жылы Нарын шаарында төрөлгөн. Киров мектебинде окуп, Фрунзедеги политехникалык техникумду, Фрунзедеги политехникалык институттун энергетикалык факультетин бүтүргөн. КРнын “Кыргыз-акын жазуучулары” коомдук фондунун мүчөсү, Манас Эл коомунун катчысы. ” Ыр булак ” китебинин автору. АПАМА Коңур үнүң комуз чертсе төп эле, Мүнөзүӊүз чалкып жаткан көл эле. Ырдаганда чын жүрөктөн беле. Кубанчубуз, кубат алып […]