Kategoriler

Arşivler

Sydykanova Kairgul Joldoshbekovna/Кайыр Жолдошбекова Kategoriler

Кереметүү Кереметүү, аткан таңга эркелеп,Курам ырды, эргүүлөрүм жетелеп.Кусалыктын, аралында калсам да,Күмүш күлкүм, чачып турат эселеп. Кооздугу, сүйүү нурун жамынып,Көз мончокту, ыр дүйнөмдө тагынып.Кылымдарга, өчпөсө дейм махабат,,,Көксулуудай” дастан болуп таанылып. Кара көзүң, көөдөндөгү сырларың,Кучагына, алат мени жыргалым.Кубалашып, ойноп барып булуттай,Эркелетчи, сезимимдин ырларын. Кайыр Жазы. www.kafiye.net

ЧТО У ВАС НОВОГО? дегенден ыр жазып койдум…. БҮГҮНКҮ КҮН Бүгүн мен ооруп турам, ыр жаза албай акылым,Көөдөндөгү эргүүлөрдүн, ката албай жаркынын.Көздөрүм да, каканактап жашка толуп ыйласа,Кусалыктын көлүн кечип, өтө албадым акырын. Биринчи кар эшикте, жаап жатат эх, себелепТерезеде телмиремин, күткөнүмдөй делдиреп.Бүртүкчөлөр, аста түшүп аягандай төгүлөт,Билген өңдүү, жүрөгүмдүн үндөбөсүн эркелеп. Балатыга чуркап чыгып, түшөт кайра […]

Фбдагы эстафетага кызыл жоолук жарайбы? Кызылдан жоолук салынып,Калемди кармап сагынып.Жүрөгүм турат сүйүнүп,Жакшына сезим кабылып. Кызылдан жоолук тагынып,Кусадар карек сагынып.Ууртумдан күлкүм төгүлсүн,Укмуштай эргүү табылып. Эээ, жазбайынчы кусаны,Жан дүйнөнү жабыркатып.Жараткан берген өмүрдө,Жашайын күлкү жаңыртып. Кимдер келип кимдер кеткен өмүрдөн,Көз ирмемдик жашоодогу көңүлдөн.Калсам эгер бүтүрө албай иштерди,Калем менен сыр жазамын төгүлгөн…….. десем жаза берчүүдөймүн Кайыр Жолдошбековна.Kair Joldoshbekovna.www.kafiye.net

Бата тилек баракчасы…. Ааламга бүт тынчтыкты тилеймин, Жарыкчылык өзү бакыт билемин. Жер үстүндө көп болсунчу жакшылар,Кабыл кылсын жазган ушул тилегим. Кутман таңдын ак шооласын көрөлү, Күн нурунда мээрим дагы бөлөнүү. Алаканды жайып туруп сураймын, Жараткандан түбөлүктүү көрөңгү. Наристенин күлкүлөрү жаңырсын,Ата эненин бак дөөлөтү тагылсын.Ак тилектер мамык болуп төшөлүп, Жер бетине аппак кардай салынсын. Кайыр Жазы. […]

Жашоо барагы… Мен башкамын, таң калып турамын,Сенден келген, жылуулукту туямын. Калем кармап уктай албай толгонуп,Мен жөнүндө, ыр саптарын курадым. Кыялым чорт, айткан сөздөн кайтпаган,Чындык менен күрөшүүдөн тартпаган. Өзгөчөрөөк мүнөзүмдү башкардың, Өтмөгүмдүн жаштык кезин сактаган. Кара мүртөз жарк дебеген кабагым, Толчу эле арманга бүт ак барагым. Тоготпостон жүрчү элем сезимди, Сагынуудан мен аябай тажадым. Көгөргөндө, жаза […]

КЕРЕК ЭМЕС Керек эмес мага ат башындай алтындын,Жан дүйнөсү ыр дүйнөгө жакырдын. Бриллиант акак деген кооз ,таштар.Кызыктырбайт Поэзия акынын. Ичи толо эмерекке жыйылган, Керек эмес заңгыраган чоң тамдын. Калемимден чыккан жакшы ырларым,Кубат берет болсо болоор ашыгым. Керек эмес көрө албастын көздөрү,Жан дүйнөнү үшүтүшкөн сөздөрү. Керек эмес байлык менен бийликке,Жанталашып жан далбастап жеткеним. Кимдин ою кандай […]

ПОЭЗИЯ ЖАН ДҮЙНӨМ Поэзия, жан дүйнөмдүн жыргалы, Ак барака түшкөн жүрөк ырлары. Поэзия, түркүн гүлдөн жаралган, Ак таңдагы, өмүрүмдүн сырлары. Поэзия, бул бактымдын тамчысы, Жашоодогу эркеликтин жарчысы. Тамгалардын шурусунан тизилген, Жүрөгүмдүн жалгыз өзүң ачкычы. Поэзия, -мезгилимдин өктөмү, Жадыраган жаштык кездин көктөмү. Алга сүйрөп, абайла деп шык берип, Азыр жашоом сенсиз эч бир өтпөдү. Поэзия, толкуп […]

АК КАРДАГЫ АК ДИЛИМ. Аппак кардай тазартайын дилимди,Алба менин уудай болгон тилимди. Ансыз дагы жараланган жүрөгүм,Алсыз болуп турат өзү киргилдүү. Суукта күлүп жылуу мээрим чачайын,Сен жок эле болду эми жашайын. Суйбө мени, сенден алыс качайын,Сандык түпкө сезим ырын катайын. Сал калемге толо ырлар жазгының,Сактай албай сезимиңдин актыгын. Салпылдаган селсаяка окшошуп,Сен да тарткын АК СҮЙҮҮНҮН катыгын. […]

Сезим күчү… Алыстан карааныңа кагыламын, Сезимдин ак мончогуң тагынамын. Жай албай жүрөгүмдүн согушу да,Өзүңдү минут сайын сагынамын. Ажарлуу ай жүзүмдү сылап өткөн,Ал күндөр келет эми биз да күткөн. Асылым ак сүйүүмдүн ырларысың, Китебим том том болуп эчак бүткөн. Күз келди, бара албадым байлыгыма, Тагдырдын тар жолунда калганымда. Жок болуп кетким келет бул дүйнөдө, Жалгыздык жанга […]

Sydykanova Kairgul Joldoshbekovna. Doğum yılı: 7 Nisan 1973 Doğum yeri: Kırgızistan. Naryn oblast, Kochkor rayon, Jany Zhol köyü. Medeni Durumu: Evli. 3 oğlu ve 1 kızı annesi. Mesleği: Mimar ve aşçı. Başarı: “Kutsal Dil” rozeti ve çok sayıda diploma sahibi Uluslararası Yazarlar Birliği 2. derece diplomasına sahip. Turan Birliği’nin “En İyi Yazar” rozetinin sahibidir. Eserler: […]