Kategoriler

Arşivler

Sydykanova Kairgul Joldoshbekovna/Кайыр Жолдошбекова Kategoriler

ТАНГО БИЙИ. Көктөм ачып күндүн жылуу илебин,Коштоп турат,жай музыка үндөрүн. Көрүшүүгө жакын калды беш кадам,Бийге түшчү,ыргагын бир көрөйүн. Көктөм ачып,гүлдүн сулуу бүрлөрүн,Бажырайып кызыл көйнөк түрлөдүм. Бирге басып танго бийдин ыргагын,Бийлеп турдук,суктандырып калганын. Көктөм ачып,жер бетине көрк кошуп ,Жашыл майсаң,жан дүйнөгө ыр созуп.Жанашканда бойлор менен ойлорум,Жарашыктуу,бийлеп турдук коштолуп. Көздөр менен сүйлөшкөнсүп,бир азга,Кыялданып бийлеп жүрдүк жанаша. Көптөн […]

Сезим күчү… Сезим деген шаңга батып айлана,Жазгы жел да согуп турат башкача. Бек кучактап кое бербей эркелеп,Сага деген сүйүүм дагы бир башка . Жан дүйнөм кооздолуп гүлдөй жайнап, Акыл-ойду башкара албай сен тарап. Кесе толгон кымыздай жутуп алчы,Сүйүүдөн жанып турган көзүң карап. Теңелип жылдыз – айга учуп барам,Чачыман сылаганда тарам, тарам. Бир өмүр эркелешсем өзүң […]

Кечээки жөө жүрүштөн чыккан көөдөндөгү ызалык! Кандай сулуу кандай назик аялзат,Кимдер гана суктанышып карашпайт.Көөрүн төксө колундагы ак эмгек,Аялзатка кандай кантип жарашпайт. Аппак жоолук нур жүзүнө жарашып,Мээримичи күндүн нурун талашып.Тоңуп турган музду дагы эритээр,Мына ушундай Кыргыз кызга жарашык. Аяр сүйлөп үй бүлөөдө жакшы жар,Болгулачы кагылайын эх жаштар.Төрөө деген өзүнчө эле бир бакыт,Бала жытын жыттап алсаң бир […]

Силер эне , эже сиңди жарсыңар 8 – марть менен куттуктап ) Куттуу айтам мен силерге жүрөктөБөлдүңүз , деп сезимимди жүдөтпөБар болгула эже сиңди курбуларЖашооуңда майрам болсун түнөктө Силер эне , эже сиңди жарсыңарКөңүлүмдүн түпкүрүндө барсыңарАял заттын эң акылманы сулуусуУрматоого татый турган жансыңар Куттуу болсун майрамыңар жаздагыАялдардан чыккан акын жайдары Ийгиликтер коштоп турсун эрте кеч […]

Сезим күчү… Эстегенде элесиңди, уйку качат, Кыялым алып учуп, сага шашат. Сагынышып, эки жүрөк куурады, Аттиң, аттиң сүйүү эмне мынча азап. Таң да атты, кирпик какпай кыйналдым, Өзүмө өзүм жан дүйнөмө сыйбадым. Алоолонгон махабаттын отунда, Күйө албай бүгүн дагы ыйладым. Кусалыгым, күндө күчөп эселеп,Шоокумуна, аппак таңдын эркелеп. Өзүң менен алып кетчи салкын жел, Сүйгөнүмдүн бакчасына […]

Убакыт учкан куш тура, кечээ эле ушу деңиздин жээгинде ырлар жаратып бойлоп жүргөндөймүн, бирок арадан төрт жыл өтүптүр. МАРМАРАНЫН БОЮНДА Дениз жээги отурамын ойго батып,Кайкып учкан ак чардакка карек катып.Кыялдарым түгөнбөдү сезимдеги,Дениздин толкунундай шарпылдашып. Учу кыйры көз жетпеген дениз үстү,Учкум келди канат байлап алыстарга.Кооздугуна көөдөнүм көз арткансып,Кучагында батып турдум балкып кана. Көп көк болуп, асман […]

КУТМАН ТАҢ Көркөмүң кооз аткан таң,Миң шүгүр сага Жараткан.Көрсүн деп көздү бергенсиң,Керемет кандай карасаң. Тал терек турат шуудурап,Ак таңга кошуп ыр курап.Кулакты бердиң уккун деп,Кооздукту туюп толуктап. Кармалбай колго карачы,Агарган таңдын шооласы.Агылып турат сезгенде,Көөдөндөн ырлар одасы. Куланөөк түшүп жер бети,Кооздонот көркөм келбети.Мээримиң төгүп суктан деп,Жараткан чачкан берметти. Асман да сулуу башкача,Аппак таң сүрөт тартканда.Булуттар чыкпай […]

Мына ушинтип сагынам (Урушсаңар да мейли) Алыстасың жакшы көрөм баарынан,Издейм кээде ырларымдын сабынан.Уйку, соонун ортосунда түш көрүп,Жүрөм дайым чыкпай сенин жаныңдан. Эркелеймин кээде кыйнап өзүңдү, Уккум келип ,,эркем” деген сөзүңдү.Аралашып кыял менен жан дүйнө,Мына минтип таң да атып сөгүлдү. Кучак толо гүлүң жыттап сагынам, Карааныңа кайра кайра жалынам. Берген сенин көздүү алтын шакегиң,Жүрөгүмө сүйүү кылып […]

Бүгүн балдарымдын сүйүктүү атасы, неберелеримдин чоң атасы, кайнатамдын баласы, Кайыр кыздын жигитинин туулган күнү! ЖАРЫМА Токтоо мүнөз кирпик кашы капкара, Тоолук жигит тартпаган эч сарсанаа. Тардыгы жок көөдөнүндө кең пейил, Таразага тарткан таштай дапдаана. Тунук булак ичкен суусу балалык, Ак Муз деген айылында жаралып. Ак эмгектин арты менен келе атат, Аялзаттан мендей болгон жар алып. […]

ТИЛЕГЕНИМ КУДАЙДАН. Кутман таңда ыйман тилеп Кудайдан,Күбүрөнөм ар бир кылган амалдан .Кучагыңды жайчы тынчтык дооруна,Күндө барам , Жараткандын жолуна. Кутман таңда балдарыма тилеймин,Көрбөсүн дейм жаман жолдун эшигин.Кубат берип аман эсен ,жүрсө дейм,Ыйык тутуп мусульмандын кешигин. Кутман таңда шүгүр кылам Кудайга,Көзүм көрүп,кулак угуп турганда. Канчалаган адамзаты көрө албай,Керең болуп укпай жүрөт ааламда. Кутман таңда ыраазымын деп […]