Kategoriler

Arşivler

Sydykanova Kairgul Joldoshbekovna/Кайыр Жолдошбекова Kategoriler

ЖАМГЫР ТӨГӨТ Жамгыр төгөт, сыртта эч басылбай, Күн күркүрөп, кабагы да ачылбай. Күлкүм өчүп, турам эстеп жаштыкты, Жакшы ырлар, казынасы казылбай. Жамгыр төгөт, ушул күндү элестеп, Жараланган, жүрөк сырын электеп. Жоогазындай, жаңы ачылган гүл элек, Жоодураган, көздөр бизге белек деп. Жамгыр төгөт, көөдөнүмдү ыйлатып, Унуттурбай, бир жылдарды кыйнатып. Ушул күнү, ушул саатты эске алам, Убарасыз, […]

Жашоо барагы… Саамайым басып аппак чач , Саналуу биртке турамын. Агарсын мейли бүт чачым, Кудайдан өмүр сурайын. Бетиме бырыш аста аста, Түшкөнсүп турган убагым. Бырыштар түшсө мейличи, Тарткым жок эми муңайым. Күлгөндө шыңгыр үн чыкпай, Картайып барат убагым, Мейличи үнүм чыкпасын, Небереге берсин кудайым. Эркелей түшсөм жарыма, Жарашпай калган убагым. Жаштыгым өтсө мейличи, Карылык дөөлөт […]

Апакеме Тогуз айлап толгоо тартып төрөгөн, Ак сүтүнө мээрим берип өткөргөн. Апакебай кутула албай карзымдан, Кала бердим ичим чыкпай бөксөргөн. Айга теңеп балдарыңдын эркесин, Айланкөчөк айлангансың билемин. Элүү жашка жашым таяп турса да, Апакебай сен мен үчүн энесиң. Эркиң күчтүү, эркелетип келгенсиң, Жакшы сөздүн терип дайым берметин. Теңдеше албайт жер үстүндө бир адам, Апакебай дайым […]

Мекен үчүн….. Касиеттүү айкөл элим Кыргызым, Өчпөйт сенин эч качан жылдызың. Канкор душман кол салса да ар жактан, ,,Кыйын калк”- деп айткан экен Темучин… Манас деген атабыз бар Кыргызым, Сынган эмес кыйын күндө кылычың. Сабыр менен жеңип алдык согушту, Жар салбастан иш алпарып тымызын. Бакай ата берген улуу батасын, Кантип анан Кыргыз элди чачасың? Келгилечи […]

СИРЕНЬ ГҮЛҮ. Жаздын деми айланага көрк берип, Жылуу мээрим чачылгандай сезилет Жайнап өскөн сирень гүлүн көргөндө, Жытын искеп жан дүйнөм бүт эзилет. Жаштык кездин бүрү ачып тургандай, Жакшынасың сирень гүлү кыздардай. Жалбырагың шүүдүрүмдө суу болуп, Жытың менен бүт көңүлдү бургандай. Жарык чачып таң супасын салганда, Ак өңүндү окшоштурам таң шоолага . Жерге толук күн тийгенде […]

САГА АРНАЛАТ Кара көзүм, каректерим чагылып, Келген күндү, күткөн элем сагынып. Кубат алып , күндө жазган ырымдан, Кубулжутуп, обон салдык жаңыртып. Келди сезим, кусалыкка багынтып, Көөдөнүмдөн, жамалыңа жалынтып. Көңүл сүйүп, жүрөгүмдүн ачкычын, Сага бердим, сүйүү мончок тагынтып. Кечиккен жаз, эки жүрөк сүйүшкөн, Күндөр айга, айлар жылды сүрүшкөн. Жалын чачып элжиреген сезимдер, Жан дүйнөгө жарык нурун […]

МЕНИ СҮЙҮП ЖҮРГӨНДӨРДҮН БИРИСИҢ. Көп адамдын арасынан суурулуп, Сезим менен айкалыша жуурулуп. Өлбөй, чөкпөй жашап келе жатасың, Толкунуна ак сүйүүнүн урунуп. Мезгил өтүп улам жылга алмашып, Жаштык кезди уурдап келет талашып. Кумарланып эңсеп жашоо бакытын , Сүйүүң менен, ырда жазып тамшантып. Айдан күндөн издеп менин жамалым, Аралайсың махабаттын аралын. Сүрөт тартып тамга менен түшүрүп, Картын […]

Сезим күчү… Аалам түгөл, аралаган сезимди,Сага арнадым, баёо жаштык кезимди.Айланамды курчаса да сүйүүлөр,Алмашпадым, эч бирине кечимди. Издеп көрдүм канча адамдан өзүңдү, Илбериңки айдап далай көчүмдү. Издериңди көрбөй көөдөн кашайды, Боло албадым сүйүү алдында өтүмдүү. Түбөлүккө арман болуп жаралып, Калгандайсың жүрөгүмө кадалып.Кош канатым сынбаганда бул күнү,Өмүр жолдо, кетмек эмес каталык. Аттиң, аттиң көөдөн ээлейт кусалык… Кайыр […]

КУЗГУ КУСАЛЫК. Кузгу желге термелгенсип кусалык. Туногунон учуп барат, алыс узарып.Саргайынкы тарткан ондуу сезимдер. Балким куздо алып учаар ун салып. Куздо кеткен канаттуудай кыйкуулап.Канаттарын шилтеп учат кусалык.Жазда кайра келгин куштай биригээр.Жудогонсуп бир журогум сумсайып. Куздо тушуп бак дарактын кийгени.Саргайынкы кусалыгым билинди.Суйсон дагы кызганычын батпады.Куздо келген,муздак желдей урунду. Сезимдерде мезгил болбой убакыт.Жаз кунундо бураласын жашарып.Жай кунундо […]

БҮТПӨС ЫРЫМ БАЯНЫМ Жан дүйнөмө кирип алган жыргалым,Жүрөк кылын черткен сезим ырларым.Жаштык кез да бир эми кайрылбай,Артта калды сенин менин жылдарым. Сенсиң дагы жашоомдогу мунарым,Таркабаган жытыңдан эч кумарым.Махабатым, таза сүйүүм жан биргем. Тагып жүргөн мойнумдагы тумарым. Көздөрүмдүн жанып турган кареги,Ак сүйүүмдүн сенсиң ошол данеги.Мүрөк суудай чаңкаганда кандыраар,Шылдыр аккан тоо булагым бол эми. Жанып турган өмүрүмдүн […]